XVIII кылымда немистер аскерге чакыруудан, диний куугунтуктардан жашырынып жана согуштардын оор экономикалык кесепеттеринен качып, Орусия империясына көчүп кете баштаган. Немис диаспорасы империянын экономикалык жана маданий жашоосуна тыгыз аралашып, өз ордун тапкан. Бирок XX кылымда алардын тагдыры трагедиялуу болгон – немис дыйкандары, илимпоздору, саясатчылары жана ишкерлери «эл душманына» айланган. Макалада мен немистердин Орусия империясына эмне себептен барып калганын, аларга болгон мамиленин кандай өзгөргөнүн, СССРдин курамындагы Немис республикасы кандай болгонун айтып берем. Натыйжада, немистер советтик империянын Борбордук Азия республикаларына кантип барып калышкандыгы тууралуу сөз болот.
Немис диаспорасынын тарыхын баяндап жатып, Кыргызстанда төрөлүп, 1989-жылы 10 жашында Германияга кайткан Эдуарддын окуясын да айтып берейин. Эдуард Германияда жашайт жана иштейт, орус тилинде сүйлөйт, СССР эсинде, Кыргызстан жөнүндө көп билет жана өзүнүн минивэни менен Кыргызстанда саякаттаганды жакшы көрөт. Ушундай саякаттарынын биринде мен аны менен таанышып калдым жана ал өзүнүн үй-бүлөсүнүн тарыхын айтып берип, архивдик сүрөттөрү менен бөлүштү.
Немистер кантип Орусия империясына барып калган
1762-жылы императрица Екатерина II «Чет элдиктерге Орусияда отурукташууга жана чет өлкөгө качып кеткен орус адамдарын эркин кайтып келүүсүнө уруксат берүү жөнүндө» манифестке кол койгон. Манифестте мындай деп айтылган:
«Көптөгөн чет өлкөлүктөр жана Орусиядан кеткен биздин букараларыбыз Биздин Империяга отурукташууга уруксат берүүбүздү суранып жаткандыгына байланыштуу: Биз Ырайымдуулар , башка, чет өлкөлүк ар кандай улуттарды гана эмес, ушуга чейин өз өлкөсүнөн качкан букараларыбызга кайтууга уруксат беребиз. Императордук ырайымдуулук менен Орусияга байырлап келгендерди кабыл алаарыбызды эң салтанаттуу түрдө ырайстайбыз, Орусияга отурукташууга келгендердин бардыгына Биздин Монархтык ырайымыбыз жана жакшы мамилебиз болот»
Башкача айтканда, Екатерина II Орусия империясына 1772, 1793 жана 1795-жылдары Речь Посполитаянын үчкө бөлүнгөндүгүнөн, өз эркине каршы Орусиянын букаралары болуп калган еврейлерден башка бардык чет өлкөлүктөрдү чакырган.
Манифесттин шарттарына ылайык чет элдик колонисттер артыкчыктарга ээ болушкан. Мисалы, алар «ээн» жерлерге отурукташса, салыктардан 30 жылга бошотулган. Мындай жерлерге Тобольск, Астрахан, Оренбург, Белгород губернияларындагы өзөндөр, Саратовдон жогору жана Волгадан төмөн кеткен жерлер кирген. Бул эки кылым мурда Казан жана Астрахан хандыктарына болгон кыйратуучу жортуулдардан басып алынган Орусия империясынын түзүмүндөгү «жаңы аймактар» болгон.
«Эркин», «Ээн» жерлер жөнүндөгү окуяларды жаратуу – колониалык бийликтин туруктуу риторикалык ыкмаларынын бири эле. Бирок ал жерлер «ээн» эмес болчу, аларда түпкү элдер жашаган: түрк элдери, ойроттор (калмактар) жана фин-угорлор. Фин-угор топтору – мокшалар, эрзялар, марийлер, удмурттар – Поволжьени байыртадан эле байырлап келген. Орто кылымдарда аймакка түрк көчмөн топтору кире баштаган, кийин алар Хазар каганатын, Волга Булгариясын, Алтын Ордону, Казан жана Астрахан хандыктарын жараткан жана татарлардын, чуваштардын этногенезинде чоң роль ойногон. Ал эми XVI-XVII кылымдарда бул жерлерге Жунгардан калмактар дагы келе баштаган.
Басып алынган жерлердин түпкү элдери колонизацияга каршы чыгып, аскердик жол менен дагы каршылык көрсөтүүнү улантышкан. Калмактардын, татарлардын, башкыр жана Урал-Поволжьедеги башка элдердин боштондук үчүн күрөшү колониялык бийликтин өкүлдөрү тарабынан натыйжалуу башкарууга тоскоолдук катары кабыл алынган. Казан губернатору Артемий Волынский 1719-жылы мындай деп жазган:
«Саратовдон Астраханга чейин, шаарлардын ортосунда эки жүз, үч жүз чакырымда жашаган эч ким жок, соодагерлерге жана башка өткөн адамдарга, балыкчыларга калмактардан жана кубандыктардан чоң кыйроо көрсөтүлүп, иштеп жүргөндөр туткунга алынууда.»
Петр I дин Поволжьедеги империялык бийликти бекемдетүү саясаты бүткүл жергиликтүү калкты мажбурлоо жолу менен христиан динине киргизүүнү, кызмат кылган татарларды мурда берилген артыкчылактардан ажыратууну, салыктарды жогорулатууну жана башка артка кеткен экономикалык чараларды камтыган. XVIII кылымдын ортосунда бул чаралар өзүнүн жана бийлик аймакты активдүү «өздөштүрө» баштады.
Екатерина II нин администрациясы Поволжье жерлеринин түшүмдүүлүк дараметин билген, ошондуктан ал ошол кезде агромаданияты жакшыраак өнүккөн азыркы Германиянын аймагындагы колонисттерди активдүү тарткан. Екатерина колонисттердин колу менен басып алынган жерлердин айыл чарбасын көтөргүсү келген. Колонисттер басып алынган жергиликтүү калкка караганда империяга лоялдуу болуп эсептелген. Алардын лоялдуу болуп берилгендигине империя алар келген жерлеринен диний азчылыктар катары ажыратылган көп артыкчылыктарды берген.
Колонисттерди салыктан бошоткон, үй курууга жана шаймандарды сатып алууга пайызсыз насыяларды берүүгө, жолго кетирген акчаларын толуктап берүүгө, колонияда толук өзүн өзү башкарууну берүүгө убада кылышкан. Ошондой эле, дин тутуу эркиндигин берген. Эдварддын меннонит ата-бабаларынын Орусия империясына эммиграцияга кетүүсүнүн бир себеби ушул болгон.
Меннониттер – 1530-жылдары Нидерландыдагы реформациялык кыймыл учурунда пайда болгон протестанттык диний агымдардын бири. Меннониттер принципиалдуу пацифисттер болгон, алар диний ишеним боюнча курал алуудан жана согушуудан баш тартышкан. Ушундан улам, алар чиркөөгө гана эмес, мамлекетке да каршы деп эсептелип, Нидерландыда, Ыйык Рим империясында жана Пруссияда жигердүү куугунтукталган.
XVIII кылымда Пруссия көп согушуп, басып алган коңшу өлкөлөрүнүн эсебинен күчтөнгөн мамлекет болгон. Атүгүл өлкөнүн башкаруучусу Фридрих Вильгельм I ди Падыша-аскер деп аташкан. Меннониттерди дагы кызмат өтөөсү 20 жыл болгон аскерге чакырууга аракет кылышкан. Аскер өтөөгө чакыруудан жашырынуу үчүн алар Орусия империясына кетишкен – Эдуарддын ата-бабалары ошондой жол менен кеткен. Алар меннониттер болушкан жана азыркы Германиянын түндүгүндө, Нидерланд менен чектешкен аралдарда жашаган.
Бирок, Орусия империясында дагы немистердин дин тутуу эркинигин чектешкен – ал православдык чиркөөнүн «кызыкчылыгын бузбашы» керек болчу. Немистер калктын көп бөлүгүн алардын дин ишениминдеги адамдар түзгөндө гана, чиркөөлөрдү куруп, пасторлорлорду бага алышкан, башкача айтканда, өздөрүнүн колонияларында гана. Мындан сырткары, православдыктардын арасында аларга өзүнүн дин ишенимин жайылтууга тыюу салынган. Бирок алар Орусия империясына жаңы көчүп келгенде аскерге чакыруу жок эле.
Империяга меннониттердей эле лютерандар, башка протестанттар, ошондой эле католиктер дагы көчүп барышкан. 1648-жылы Ыйык Рим империясындагы Отуз жылдык согушту аяктаган Вестфал тынчтыгы Европанын ар бир аймагында өзүнүн диний статусун бекиткен. Католиктердин жеринде болуп калган протестанттарга (жана тескерисинче) көрсөткөн кысым, согуштун экономикалык кесепеттери адамдарды эмиграцияга кетүүгө аргасыз кылган.
Орусия империясында немистер Поволжьеде гана эмес, түндүк Причерноморьеде, Закавказьеде, Крымда, Украинанын түндүк батышында, Түндүк Кавказда жана Сибирде отурукташкан. Колонисттер жана жергиликтүү калктын ортосунда келишпестиктер болуп турган, алар негизинен жерге байланыштуу болгон. Кээ бир учурларда куралчан отряддар дагы немис колонияларына кол салып турушкан.
Орусия империясына немис миграциясынын экинчи толкуну 1804-жылы чыгарылган Александр I дин «Помещиктерге жана жер ээлерине чет элдик колонисттерди өз жерлерине чакыруу жана кабыл алуу» жарлыгынан кийин башталган. Жарлыкта колонисттерди империяга чакыруунун максаты айкын белгиленген:
«Жерлерине көчүп келгендерден помещиктер эбегейсиз пайда алат жана утушта гана болот. Жумушчу күч көбөйөт: бош жаткан жерлер чеберчилик менен айдалат; чыгарылган нерселердин саны жогорулайт, жана эң пайдалуусу, жер иштеткенди мыкты билген колонисттерден дыйканчылык жергиликтүү элдерге тарайт.»
1897-жылы немис колонисттери Орусия империясынын калкынын 1,4%ын түзгөн. Салыштыруу үчүн, 2020-жылга карата Орусиядагы немис калкынын пайызы 0,13% дан ашпайт. Империянын немис калкынын санын бүтүндөй бир өлкөнүн калкынын саны менен салыштырууга болот — мисалы, 2024-жылы Латвия. Кээ бир немистер империянын жашоосуна ушунчалык сиңип, интеграциялангандыктан, бүгүнкү күндө алардын немис теги жөнүндө билишпегениктен, орустар деп кабыл алышат. Алардын арасында өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошкон Денис Фонвизин, Петр Струве, Михаил Барклай-де-Толли жана башка немистерди атасак болот.
Немистер Орусия империясында кызматта – бийлик үчүн курал, жергиликтүү, түпкү тургундар үчүн баскынчылар
Орусия империясында немистер эки тараптуу орунду ээлешкен. Бир жагынан, түпкү элдерге, ошондой эле орус дыйкандарына караганда аларга артыкчылыктарды беришкен. Көп учурда немистерге түпкү элдердей болуп көчкөнгө мүмкүнчүлүгү жок болгон куулгандардын жерлерин беришкен. Жерлерди тартып алып, Уралдагы, Сибирдеги, кыргыз талааларындагы, Приамурьедеги, Закавказьедеги дворяндарга жана кызматкерлерге таратышкан.
Ошол эле учурда, немистер өздөрү империянын айыл чарбасын чыңдоого жардам берген бийликтин куралы болгон. Немистер өздөрү менен соко, чалгы жана буга чейин Орусияда колдонулбаган дан эгиндерин майдалаган жыгач шаймандарын ала келишкен. Немис колониялары буудай, сулу, кара буудай, арпа, зыгыр, кара куурай, тамеки, картөшкө өндүрүп берүүчүлөрдүн эң ирилеринин бири эле. Немис колонисттери өнөр жайды дагы өнүктүргөн – ун, май, айыл чарба шаймандарын, жүн, булгары, кездемелерди чыгарган. Айрыкча Сарепта колониясында өнөр жайлык кездеме токуу күчтүү өнүккөн, анын урматына кездеменин аталышы «сарпинка» болгон.
Бирок, XIX кылымдын ортосунан баштап, немистерди берилген артыкчылыктардан ажырата башташты. 1860-жылдары Александр II немистер үчүн милдеттүү түрдөгү аскер кызматын киргизген. Немис колонисттери өзгөчө укуктук статусунан ажыратылып, кадимки дыйкандарга теңелген. Бул кадам бардык немистерге жага берген жок, айрымдары Түндүк жана Түштүк Америкага эмиграцияга кетишти. Алар абдан көрөгөчтүк кылган, анткени, чыныгы коркунуч кийинчерээк башталган.
Немистер Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда. Эл душмандары
Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Орусияда немистерге каршы маанай күчөдү. Германия империясы анын негизги аскердик душманы болуп калды. Британ жана француз империялары, Сербия жана Орусия империясы Германия жана Австро-Венгрия империяларына каршы согушкан. Кийинчерээк аларга башка өлкөлөр кошулду. Эки тараптын тең пропагандасы каршылашты ар тараптан жиндентип, таш боор, адамкерчиликсиз, адам кейпинен ажыраган «душмандын образын» жаратты. Ошондой жагдай немистер менен дагы болду.
1914-жылы «Немис» брошюрасында алар тууралуу мындай деп жазышты:
— «Базарларды орто сапаттагы арзан буюмдар менен толтурганды жакшы көрүшөт, бирок өзү бардык нерсенин баасын билет жана арзанды алышпайт».
— «Азыркы немис Кудай жана Ааламды жөнүндө эмес, куралдуу кыйроолор жөнүндө кыялданат».
— «Немис текебердигинен, кайзеринен, курчап турган орус чөйрөсүнө болгон жек көрүүсүнөн көөп кетти»
Пропаганда немистер орустарды жек көрөт деп жайылткан. Ошол эле учурда, Орусия Германияга көп жолу жардам берген деп баса белгилеп, ошондуктан Германия бар болушуна Орусияга милдеттүү деген.
Дүйнө жүзү боюнча гүлдөп жаткан улутчулдук отко май чачкан. Немистер жабык обочолонгон колонияларда жашагандыгы жана өкмөттө жана ордолордо ушунчалык абройлуу болгондугун жактырышкан эмес. Бул маанайлар коомдо Биринчи дүйнөлүк согушка чейин дагы кезиккен – «немис үстөмдүгү» менен күрөш жүргүзүү керек деген дагы адамдар болгон. Ал эми согуш башталгандан кийин прессада кеңири таралган Германияга каршы кампаниясы жүргүзүлдү.
Өлкөдө тыңчылык өнүккөн, «ар бир администратор өз жагынан немис таап, аны кубалап чыгууга, куугунтуктоого, сүргүнгө айдаганга каракет кылган», - деп жазат IV Мамлекеттик думанын депутаты Сергей Шидловский. Орусияда немис мектептери жана гезиттери жабылган. 1915-жылы бардык немистерди Москванын ишканаларынан милдеттүү түрдө чыгарып, шаардагы немис фирмаларынын ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндөгү жарлык чыккан.
Мурда эмгекчилдиги жана адептүүлүгү үчүн бааланган немис колонисттери дагы жабыркаган. Аларды, жок дегенде эле, орой жана наадан көрсөтүп, алардын эмгектеринин натыйжалуулугун «жомок» деп, жокко чыгарышкан. Аларды орус дыйкандарына кол салып, өрт чыгаргандарын айтышып, аларды бүлдүргүч ишмердүүлүктөргө айыптоо менен аша чабышкан.
Аталышы Германиянын шаарлары менен үндөш болгон Санкт-Петербург шаарынын атын Петроград деп өзгөрткөн. Немис тектүү императрица Александра Федоровна «душман тарап» менен байланышта болуп, немистердин кызыкчылыгын коргогон деп айыпташкан. Бул жөн гана тастыкталбаган ушак-айыңдар эле, бирок алар бийликке болгон ишенимди бузуп, монархиянын бийлигинин кулашына өбөлгө түзгөн.
1915-жылы Орусия империясы батыш губернияларында Германиядан жана Австро-Венгриядан келгендерди мажбурлоо менен жер ээликтен ажыратуу боюнча мыйзамдарды кабыл алган. Бул мыйзамдар немис улутундагы жарандардын 150 чакырымдык (160 км) тилкедеги «Германия жана Австрия-Венгрия менен болгон мамлекеттик чек араны жана ушул тилкеге чектеш райондорду бойлогон» жерлерге ээлик кылуу жана иштетүү укугунан ажыраткан. Ошондой эле тыюу салуу 100 чакырымдык (106 км) тилкеге, «Бессараб губерниясындагы мамлекеттик чек араны, Кара жана Азов деңиздеринин жээктерин, алардын булуңдары менен кошо Крым жарым аралынын бүт аймагын жана Закавказьедеги Кара деңизден Каспий деңизине чейинки мамлекеттик чек араны» камтыйт. Бул көптөгөн немис колонизаторлору жашаган жерлер эле.
«Душман мамлекеттердин букаралары» сот коргоосунан ажыратылган. Ата-бабалары 100 жылдан кем эмес убакыт мурун Орусиянын букаралыгына ээ болгон бардык немистер согуш туткундарына айланган жана интернирленүүгө кабылышкан: мажбурлап камакка алууга, көчүрүүгө кабылтып же эркиндигин башкача жолдор менен чектешкен. 1917-жылдын жаз айларынан баштап, бардык немистерди Сибирге көчүрүү пландаштырылган. Бул планарды Февраль революциясы бузду. Бирок, ал жазылган нерселер кийин ишке ашырылат.
Орусия империясындагы Германия менен коркутуунун туу чокусу болуп 1914-1915-жылдардагы талоондор болду. Москвада он миңдеген адамдар немис фамилияны алып жүргөндөргө таандык дүкөндөргө кол салышты: витриналарды өрттөп, товарларды тоноп кетишти. 100 миңден ашуун адам катышкан эң ири талоон 1915-жылдын 27-28-майында болгон. Ошондо немис тектүү 5 адам өлтүрүлгөн, 475 коммерциялык ишканалар, 207 жеке батирлер жана үйлөр талкаланган.
Поволжьенин немистеринин АССРи. СССРдин түзүмүндөгү немис республикасы
Биринчи дүйнөлүк согуш аяктады, Орусияда бийлик алмашты. Ошону менен бирге «эл душманынан» «коммунизмди куруучуларга» айланган немистерге болгон мамиле да өзгөрдү. Атүгүл 1923-1941-жылдары СССРдин курамында Поволжьенин немистеринин автономиялуу республикасы дагы болгон. Немистердин АССРнин конституциясы жана өз өкмөтү болгон.
Поволжье немистеринин АССРи азыркы Саратов жана Волгоград облустарынын бир бөлүгүндө жайгашкан. Кызыгы, республикада административдик бирдиктер Швейцариядагыдай кантондор деп аталган. АССРдин борбору Энгельс шаарында болгон – немистер да аны Kosakenstadt деп аташкан. Республикада немистерден башка калктар дагы жашаган, бирок немистер басымдуулук бөлүгүн түзгөн. 1926-жылдагы эл каттоого ылайык, республиканын 571 миң калкынын 66% немистер, 20% орустар жана 14% башка улуттардын өкүлдөрү болгон. Немис тили экинчи расмий тил деп эсептелген, ал тилде гезиттер басылып, ал тилде мектептерде сабак берилген.
Поволжье немистеринин АССРде советтердин бардык немистери жашаган эмес. 1939-жылга СССРде 1,4 миллион немис болгон. Алардын ичинен 376 миңи гана Поволжьеде жашаган. Калгандардын бардыгы РСФСР, Украина, Казакстан, Грузиянын ар кайсы облустарында жана шаарларында болушкан.
Автономия болгонуна карабастан, Поволжье немистеринин АССРдеги жашоосу оңой болгон жок. Коллективдештирүү миңдеген натыйжалуу дыйкан чарбаларын жок кылды. Алардын ордуна колхоздор пайда болду. Колхозчуларга чарбаларын өз алдынча башкарууга жана көйгөйлөрүн чечүүгө тыюу салынган. Алар ар дайым жерге мүнөздүү нерселерди жана коомчулуктун өзгөчөлүктөрүн көп эске албаган, жогору жактан келген нускамаларды гана аткара алышкан.
Түшүмдүн дээрлик бардыгы мамлекетке өткөрүлүүсү керек болчу. 1931-1933-жылдары бул республиканын көптөгөн айылдарын ачарчылыкка алып келген. Куткарылууга аракет кылып, адамдар түшүмдүн калдыктарын чогултуп кетишчү. Буга жооп кылып, өкмөт атактуу «беш баш дан мыйзамын» чыгарып, элди «коомдук менчик» деп эсептелген дан уурдаганы үчүн да жазалаган. 1932-жылдын жарымында эле Поволжье немистеринин АССРде «беш баш дан мыйзамынын» негизинде 32 адам атылып, 325 киши 10 жылга кесилип кеткен.
Автономия көпкө созулган жок. 1930-жылдардын башында Сталин немис мектептерин, жогорку окуу жайларын жана гезиттерин жаап, немис тилин расмий тил статусунан ажырата баштаган. Ал эми 1937-1938-жылдары коргонуу өнөр жай ишканаларында иштеген бардык «германдык букаралар» (факт боюнча жөн гана советтик немистер) камакка алынган. 55 миң немис соттолуп, дээрлик 42 миңи атылып, 13 миңи сүргүнгө айдалган. СССР менен Германиянын ортосундагы мамилелер начарлап, карапайым адамдар жабыркаган. Бирок бул башталышы гана болчу, анткени Экинчи дүйнөлүк согуш алдыда эле.
СССРдеги немистер Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда. Кайрадан эл душманы
1941-жылы августта Волга немистеринин АССР жокко чыгарылган. Ошол эле учурда бардык советтик немистерди Казак жана Кыргыз ССРине, ошондой эле Борбордук (Орто) Азиянын башка республикаларына, Сибирге жана Алтайга көчүрө башташкан. Жалпысынан, согуш жылдарында дээрлик бир миллион немис депортацияланган. Биринчи дүйнөлүк согуш учурундагыдай эле, немистер болгондугу үчүн гана «коркунуч жаратат» деп эсептелинген.
«Большевик» гезити 1941-жылдын 30-августунда немистерди депортациялоонун себептерин мындайча түшүндүргөн:
«Аскер бийликтери тарабынан алынган ишенимдүү маалыматтар боюнча, Поволжье аймагында жашаган немис калкынын арасында он миңдеген диверсанттар жана тыңчылар бар, алар Германиядан келген белги боюнча жардырууларды жасашы керек. Поволжье аймагында жашаган немистердин бири да мынчалык көп диверсанттар жана тыңчылар бар экенин совет бийлигине билдирген эмес. Демек, Поволжьедеги немис калкы өз чөйрөсүндө Совет элинин жана Совет бийлигинин душмандарын жашырышат. Мындай жагымсыз окуялардын жана олуттуу кан төгүүлөрдүн алдын алуу үчүн СССРдин Жогорку кеңешинин Президиуму Поволжье аймагында жашаган бардык немис калкын башка аймактарга көчүрүү зарыл деп тапты.»
СССРдин башка финн, поляк, литва, латыш, эстон, украин, корей элдериндей эле немистерди дагы депортациялаган. Чогулууга 24-28 саат гана беришкен. Өздөрү менен жеке буюмдарын, майда тиричилик эмеректерин жана тамак-ашын алууга уруксат берилген, бирок бир үй-бүлөгө тиешелүү жүк бир тонна салмактан ашпоосу керек болгон. Депортация кылуудан качканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Негизинен немистер Сибирге депортацияланган, алар фронттук аймактардан эвакуацияланган заводдордо иштешкен. Депортациялангандарга тамак-аш жетишпей, отурукташуу үчүн бош үйлөр аз болчу, көпчүлүгү барак үйлөрдө, атүгүл жер кепелерде жашоого аргасыз болушкан. Мунун баары Сибирдин катаал климатында адамдарды кыйнап, массалык өлүмгө дуушар кылган.
Советтер Союзунда эмне үчүн элди мажбурлап көчүрүү уюштурулган
1942-1947-жылдары 15 жаштан 55 жашка чейинки немистер айтылуу «эмгек аскерлерине» чакырылган. Ал жерде алар заводдорду, темир жолдорду жана үйлөрдү куруп, жыгач даярдаган токойлордо жана шахталарда иштешкен. Эдуард айтып бергендей, булар көптөгөн немистер ачкадан, сууктан жана оорудан каза болгон чыныгы эмгек лагерлери болгон. Эдуарддын 13 жаштагы чоң энеси бул тагдырды айланып өткөн, аны Кыргызстанга депортациялаган. Бирок анын ата-энесин эмгек армиясына алып кетишкен.
1945-1991-жылдардагы СССРдеги немистер. Кыргызстандагы жашоо
Согуштан жана эмгек аскеринен аман калган немистер депортация болгон жерлерге – атайын конуштарга гана отурукташа алышкан. 1948-жылы СССРдин Жогорку Советинин Президиуму немистердин мурдагы жашаган жерине кайтуусуна тыюу салган жарлык чыгарган. Немистер аскердик комендатурада үзгүлтүксүз белгиленип турушу керек болчу. Алар жетекчилик кызматка алынган эмес, аларга мамлекеттик органдарда карьера жасоо кыйын болгон.
Аскер комендатурасы 1956-жылга чейин гана ишмердүүлүгүн уланткан, ал эми отурукташкан жерлерди чектөө 1964-жылга чейин күчүндө болгон. Андан кийин немистер согушка чейинки жашаган жерлерине көчүп кетүү укугун алышкан. Бирок, көптөр жаңы жерде отурукташып калгандыктан, аны колдонушкан жок. Ошондой жагдай Эдуарддын үй-бүлөсү менен дагы болгон.
Эдуарддын чоң атасы менен чоң энеси жаш кезинде туугандары менен Бишкекке депортацияланган. Ал жерден алар өзүлөрүнө кичинекей үй куруп, дыйканчылык менен алектене башташты – картөшкө жана кулпунай, кийинчерээк гүл өстүрүштү. Немис тилинен мугалим болгон чоң атасы башка немистер менен бирге Бишкектин четинде мектеп курган. Кыргыз немистери көп учурда курулуш менен алектенишкен: тогоондорду курушкан, инженер болуп иштешкен. Эдуарддын үч агасы архитектор болгон.
Эдуарддын үй-бүлөсү үчүн орус тили эне тили болуп калды. Бирок, алар үчүн немис бойдон калуу жана каада-салттарын, дин ишенимин сактоо маанилүү болгон. Кыргыз немистери кошуна болуп жашоону тандап, тыгыз байланышта болуп, бири-бирине жардам беришкен. Советтик атеизмди пропагандалаганына карабастан, кыргыз немистери Рождествону Германиядагыдай 24-декабрда майрамдашкан жана импровизацияланган үй кирхаларында чогулушкан, аларга өз чиркөөлөрүн курууга тыюу салынган. Кийинчерээк, 1980-жылдары немистерге Бишкекте өз чиркөөсүн ачууга уруксат берилген.
Азыр Эдуарддын ата-энеси бири-бири менен орус тилинде сүйлөшөт. Ал эми анын бардык чоң ата, чоң энелери немисче «платтдойч» диалектинде сүйлөшкөн. Эдуарддын ата-энеси советтик мектепке барганда, алар тилдик жана интеграциялык кыйынчылыктарга туш болушкан. Ошондуктан, алардын үй-бүлөлөрүндө орус тилине өтүүнү чечишти. Ошентип, алар кодулоодон алыс болууга жана советтик коомдун толук кандуу бөлүгү болууга аракет кылышкан. Буга карабастан, Эдуардды «фриц» деп аташкан: анын ким экендиги немис фамилиясынан жана энесинин немис тил мугалими кесибинен билинип калган.
Эдуард Кыргызстандагы жашоосу тууралуу жылуу эскерүүлөрүн сактап калды. Анын үй-бүлөсү кошуналары менен дос мамиледе болгон, алар башка улуттан дагы болушкан. Бишкекте депортацияланган көп элдер жашаган, кошуналарынын арасында түрктөр, күрддөр, корейлер, гректер болушкан. Ал азыркы учурга чейин алардын кээ бири менен катташат жана конокко келип турат.
Эдуард Германияга СССРде жаман же жакыр жашагандыктан көчүп кетишкен эмес экендигин айтат. Болгону алар өздөрүн чоочун сезишкен, ошондуктан тарыхый мекенине кайтууну каалашкан. Расмий түрдө немистердин башка советтик жарандар менен теңдештиргенине карабастан, кандайдыр бир деңгээлде аларга эл душманы катары мамиле сакталып калган. Эдуард бала кезинен эле кыргыз эмес, орус эмес, түрк эмес, кандайдыр бир башка экенин сезген. Ал Германияга кетээрин дайыма билчү, алардын үй-бүлөсү көптөн бери көчүп кетүүнү пландашкан.
Эдуард мындай деп эскерет: «Бизге СССР эң мыкты өлкө экенин айтышчу. Бирок, ошол эле учурда, биз Германия, Канада, АКШдагы биздин туугандарыбыздан «сырткы дүйнө» тууралуу маалымат алчу элек. Алар бизге кат жазып, кээде базарлык, белектерди посылкалар менен жөнөтүшчү, бул биз үчүн чоң майрам болчу. Бала чагымда тезирээк көчүп кетким келчү эле – бул реалдуу болот деп элестете алчу эмесмин».
Кыргызстандык немистер СССР кулагандан кийин. Үйүн тапкандыгы
СССР кулаганга чейин Германияга жакын туугандары – ата-энеси, балдары, бир туугандары болгон немистер гана кайта алышчу. Эдварддын айрым туугандары Германияга 70-80-жылдары эле кетишкен, бирок анын үй-бүлөсү 1989-жылы гана көчүп кете алган. Атасынын бир тууганы Германияга кетип, ал жерден агасы өзүнүн бир тууганын – Эдуарддын атасын жана аны менен кошо бүт үй-бүлөсүн чакыра алган.
Эдуарддын үй-бүлөсү СССР кулаганга чейин эмиграцияга кетүүгө үлгүргөн. Кыргыз немистеринин көбү Германияга кийинчерээк, 1990-жылдары кетишкен. Ошол эле учурда, 1991-жылдын 26-апрелинде РСФСРда «Репрессияланган элдерди реабилитациялоо тууралуу» мыйзам кабыл алынган. Ал депортацияланган элдерге карата мамлекеттик деңгээлде колдонулган зордук-зомбулук жана бейбаштык саясатынын мыйзамсыздыгын тааныган.
Бүгүн немистердин дээрлик бардыгы Кыргызстандан көчүп кетишти. 1959-жылдагы эл каттоого ылайык, Кыргызстанда 40 миң немис жашаган. Ал эми 2022-жылга чейин 7886 калган. Кыргызстанда жашоосун уланткандардын арасында дин туткандар дагы бар – алардын арасында меннониттер да бар.
Эдуард Германияга көчүп барганда, анын апасы ал жерде сүйлөгөн немис тилин жакшы билбегенин эскерет. Анткени, ал мектепте заманбап немис тилин үйрөнгөн эмес. Ал үй-бүлөсүндө эски китептер менен «консервацияланган» немис тилин үйрөнгөн. Жана жалпысынан, СССРде жашагандан кийин Германияда болуу таң калычтуу болду. «Биз чоң маданий шокту баштан кечирдик. Немис коомуна кирүү үчүн убакыт керек болду. Бизге, балдарга жеңилирээк болду, ал эми ата-энебизге алда канча кыйын болду» - деп эскерет Эдуард.
Германияга көчүп барган кыргыз немистери бири-бири менен катташууну улантышууда. Эдуарддын үй-бүлөсү алар менен бир туугандай болуп калган, Бишкектен кошуна жашагандар менен байма-бай жолугушуп турат. Бул жолугушууларда алар Кыргызстанды эстеп, палоо жана манты даярдашат. Эдуард азыркыга чейин советтерден кийинки маданиятка, Борбор Азия менен Кавказдын маданиятына кызыгып, бул аймактарды көп кыдырат.
«Менин эсимде Бишкектин картасы сонун сакталган. Кыргызстанга келгенде дайыма ошол мезгилге жана туулган жерге болгон сагынычымды сезем. Көп нерсе бала кездегидей сакталып калды, бирок, тилекке каршы, шаардын борборундагы көптөгөн бак-дарактар кыйылган.
Кыргызстан – мыкты адамдары жана уникалдуу маданияты бар абдан меймандос өлкө. Мени ал жакта дайыма жакшы тосуп алышат, боз үйлөргө чакырышат, сый көрсөтүшөт. Менин байкашымча, Кыргызстанда кандайдыр бир өзгөчө мээримдүүлүк бар. Кербенде мен көпкө саякаттап, өлкөнү туристтик эмес тараптан таанып, жергиликтүү тургундар менен баарлаша алам.
Кээде сезондук көчмөндөр менен бирге боз үйдү тигип, чечип алчу элек. Баары эмне кылууну билишсе, бул өтө тез процесс. Адамдар көчүүгө аргасыз, анткени климаттын өзгөрүүсүнөн улам Кыргызстанда жайыттар азайып баратат. Жана бардыгына орун жетиштүү болушу үчүн, адамдар климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу малга ылайыктуу жайыт издеп, бийик тоолорго чыгууга аргасыз болушат.
Кыргызстанда азыркы учурга чейин Орусиянын таасири бар. Чоң шаарларда жаштар көбүнчө орус тилинде сүйлөшөт. Бирок Кыргызстан өз жолун өзү табышы керек деп эсептейм. Бул көптөгөн тармактарда чоң дарамети бар абдан кызыктуу аймак».